БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. "Талибан" согушкерлер кыймылы Афганистандын чек ара комендатурасын басып алгандан кийин 300дөн ашык афган чек арачысы Тажикстандын аймагына өттү. Бул тууралуу РИА Новости Тажикстандын Чек ара кызматынын маалымат борборуна таянып жазды.
"Ишемби күнү кечинде Афганистандын Бадахшан облусундагы Хохон, Шахрибузург Рогистон уезддеринде кырдаал оорлошуп, аталган райондун баарын "Талибан" кыймылы басып алган. Куралдуу кагылышуунун натыйжасында согушкерлер Хохон уездиндеги "Овез" комендатурасына да ээлик кылышкан", — деп айтылат маалыматта.
Качып келген кесиптештерин тажик чек арачылары өз аймагына өткөрүүгө уруксат беришкени айтылды.
"Афган аскерлери куралдуу кагылышуудан кийин жеке курамды сактап калуу үчүн аргасыздан мамлекеттик чек араны "Истиклол" жана "Саригор" посту аркылуу кесип өтүшкөн", — деп жазылат кабарда.
Афганистан менен Тажикстан чек арасындагы абал толугу менен тажик чек арачыларынын көзөмөлүндө экени кошумчаланды.