Вирусологдор "Спутник V" тууралуу айтылган айың кептер боюнча үн катты

Аденовирус ферменттер клеткаларында гана көбөйүшү мүмкүн, ал эми адамдын клеткаларында ал эмдөөдөн кийин эки жума гана кармалат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. "Спутник V" адамдын генине таасир тийгизбейт. Ал эми анын курамындагы аденовирустар адамдын организминде көбөйө албайт. Бул тууралуу россиялык вирусологдордун айтымына таянып РИА Новости кабарлады.
"Аденовирус, ал тургай жапайысы дагы биздин клетканын өзөгүнө түшкөндө эписома сыяктуу өзүнчө бирдик болуп калат. Өзөк менен ал өз ара жуурулушуп кетпейт, ДНК менен дагы андай болбойт", — деген вирусолог Алексей Аграновский.
Анын айтымында, аденовирус ферменттер клеткаларында гана көбөйүшү мүмкүн, ал эми адамдын клеткаларында ал эмдөөдөн кийин эки жума гана кармалат.
Биология илимдеринин доктору Сергей Нетесов кесиптешинин оюна толугу менен кошулат. Анын айтымында, "Спутник V" вакцинасы негиз катары түзүлгөн аденовирустардан геном бөлүгү алып салынган.