Кыргызстандык дагы бир балбан Токио Олимпиадасына жолдомо алды

Болгарияда өткөн турнирде индиялык спортчу Сумит Малик допингге каршы эрежелерди бузганы аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айаал Лазарев эркин күрөш боюнча Токио Олимпиадасына катыша турган лицензияга ээ болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Күрөш федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бириккен күрөш уюму Болгариянын София шаарында өткөн турнирде индиялык спортчу Сумит Малик допингге каршы эрежелерди бузганына байланыштуу андан кийинки орунда турган Лазаревге жолдомо берилгенин кабарлаган.
Кыргызстандык балбан 125 килограмм салмак категориясында күрөшөт.