Москвадагы Щепкин атындагы окуу жай 25 актёрду окутуп берүүгө даяр

Студенттер төрт жыл окуп, Москванын кичи театрынан тажрыйба алмакчы. Министр Кайрат Иманалиев окуу жайдын ректору менен макулдашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайы Кыргызстан үчүн 25 актёрду окутуп, даярдап берет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, министр Кайрат Иманалиев Россияга болгон иш сапарынын алкагында аталган окуу жайдын ректору, профессор Борис Любимов менен жолугуп, макулдашкан.
"Университет кыргызстандык студенттердин бекер билим алуусу, жатакана, стипендиясы үчүн жоопкерчилик алды. Кыргызстан болсо студенттердин тамактануусуна көмөк көрсөтүп, кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалим менен куратордун чыгымын көтөрөт", — деп айтылат маалыматта.
Министрликтин демилгеси менен апрелде Бишкекке Щепкин атындагы окуу жайдын алдыңкы окутуучулары чакыртылып, сынак уюштурулуп, натыйжада 27 киши тандалганы кошумчаланды.
Окуу мөөнөтү төрт жыл. Бул жылдары студенттер Москванын кичи театрынан тажрыйба алат.