Радио

Махмадиев: Кыргызстан Орто Азияда курорттук ресурстар боюнча биринчи орунда

Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунун башкы дарыгери, медицина илимдеринин кандидаты Акбарали Махмадиев Орто Азияда Кыргызстан курорттук ресурстар жана санаториялык мекемелер боюнча биринчи орунда турарын айтты.
Sputnik
Өлкөдө учурда 200дөн ашык санаторий жана курорттор иштеп, ооруларды алдын алууда жана реабилитациялык багытта кайрылгандарды кабыл алат. Бул тууралуу Акбарали Махмадиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, курорттук ресурстарыбызды туура колдоно албай жатабыз.
"Кыргызстан курорт ресурстары жана курорттук-санаториялык мекемелери менен Орто Азияда биринчи орунда турат. Бул биздин негизги байлыгыбыз. Тилекке каршы, ал ресурстарыбызды туура колдоно албай жатабыз. Себеби курорттук-санатордук жайлардын баары Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине карабайт. Болгону Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту гана министрликтин карамагында. Өлкөдө 200дөн ашык санаторий жана курорт иш жүргүзөт. Булардын баары убагында жеке менчикке өтүп кеткен. Учурда "Аврора", "Жыргалаң", "Жети-Өгүз", "Көгүлтүр Ысык-Көл" сыяктуу жайларыбызга чет өлкөлөрдөн келип дарыланып кетишет. Курортология институтундагы илимий изилдөө иштери ар кимдин өзүнүн демилгеси, мүмкүнчүлүгүнө жараша болуп калды. Илимди өнүктүрүү жаатында каражат бөлүнбөгөнүнө байланыштуу келечектеги абалыбыз оор болушу ыктымал", — деди Махмадиев.
Ошондой эле дарыгер курортология тармагында кадр саясатын туура жүргүзүү, жаш адистерди даярдоо зарылдыгы турганын кошумчалады.