Кыргызстанда соңку суткада коронавирустан 10 адам каза болду

Былтыр ушул тапта эпидкырдаал оорлошуп, 4-июль күнү пневмония менен COVID-19 инфекциясынан 33 адам көз жумган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Соңку бир сутканын ичинде коронавирус илдетине чалдыккан 10 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Алар төмөнкү аймактарда катталды:
Бүгүнкү статистиканы кошкондо өлкөдө COVID-19дан ажал тапкан адамдардын саны 2037ге жетти. Анын ичинен лабораториялык тастыкталганы 778, клиникалык-эпидемиологиялык аныкталганы (пневмония) 1 259.
Эске салсак, былтыр 4-июлда пневмония менен COVID-19 инфекциясынан 33 адам көз жумган.