1 401 кишиден коронавирус чыкты, 169 бейтап өтө оор абалда. Соңку маалымат

Кечээтен бери 37 медиктен коронавирус аныкталган. Жалпысынан оору жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 5 580 болду.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Өткөн суткада 1 401 кишиден коронавирус табылып, 710 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, былтыркы жылдын 4-июлуна карата өлкөдө бир суткада 327 учур катталган.
Жуктургандар:
Ушуну менен илдет илештиргендердин жалпы саны 130 633кө жетип, анын ичинен 112 644 бейтап айыкты:
Азыркы тапта 4 001 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Анын ичинен 1 151 кишинин абалы оор болсо, 169 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды. Өткөн суткада 37 медиктен коронавирус аныкталган. Жалпысынан оору жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 5 580 болду.