БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Казакстандын Кызыл-Ордо шаарынын Караул-Төбе айылына жакын жерде АН-2 учагы кулап түштү. Бул туурасында өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.
Казакстандын Кызыл-Ордо шаарынын Караул-Төбе айылына жакын жерде АН-2 учагы кулап түштү
© Фото / пресс-служба МЧС Казахстана
Окуя бүгүн, 4-июлда, эртең менен саат 07:00 чамасында болгон. Учактын күрүч талаасына дары чачып жатканда кырсыктаганы айтылат.
АН-2 бир нече чакырымга учкандан кийин техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам кайра конууга аргасыз болуп, аракет кылып жатканда эгин таласынын үстүнө түшкөн. Борттун ичиндеги 67 жана 54 жаштагы эки пилот ооруканага жеткирилген. Алдын ала маалымат боюнча, экөөнүн тең абалы канааттандырарлык.