Видеодон аба кемесинин сыныктарын, жалын, кара түтүндү көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, С-130 үлгүсүндөгү учак Холо аралындагы Сулу провинциясына кулаган. Филиппиндин коргоо министри Делфин Лорензанунун айтымында, кырсыктан кеминде 29 адам каза таап, 50дөй киши жабыркаган. Дагы 17 жарандын тагдыры белгисиз болууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, учактын ичинде 92 адам болгон. Филиппиндин куралдуу күчтөр штабынын начальниги кырсыктын себеби катары учак учуп-конуучу тилкеге коно албай койгонун айтты.