Daily Mail басылмасынын жазганына караганда, окуя Иорданиянын Акаба шаарында болгон. 37 жаштагы турист кайыкка байланган парашют менен деңиздин үстүнөн учуп бара жатканда акула суудан чыга калып, аны тамандан тиштеп жулуп алган.
Окуяны жанынан кайык менен өтүп бара жаткандар видеого тартып алышкан.
"Жарадар болгон турист дароо ооруканага жеткирилип, бутуна операция жасалды. Акула тиштеп жулуп алган жерде сөөктөр талкаланып, кан тамырлар үзүлүп кеткен", — деп айтылат кабарда.
Жергиликтүү адистер киши көп жүргөн тайыз жерлерге адатта акула келбей турганын айтууда.