Супермаркеттерде кумшекер менен суу май арзандай турганы айтылды

1-июлдан тарта кумшекер менен өсүмдүк майына кошумча нарк салыгы салынбайт. Мындай чечим азык-түлүккө болгон бааны турукташтыруу үчүн кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Экономика менен финансы министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик борбор калаадагы супермаркет менен базарларда кумшекер жана өсүмдүк майынын баасын турукташтыруу үчүн бир катар чараларды көрдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Агенттик 1-июлдан тарта кумшекер менен суу майга салынуучу кошумча нарк салыгы алынганын белгиледи. Мындай чечим азык-түлүктүн баасын турукташтыруу үчүн кабыл алынып, 31-августка чейин иштейт.
Буга байланыштуу агенттик тарабынан "Народный", "Глобус", "Фрунзе" сыяктуу ири соода түйүндөрү менен иш жүргүзүп, алар өз кезегинде бааны төмөндөтүү боюнча аракет көрмөкчү:
Алдыда аталган агенттик шаардагы базарларды жана башка соода түйүндөрүн да камтый турганы айтылды.