Кара-Кулжада селден 11 турак жай жабыркап, тазалоо иштери жүрүүдө. Сүрөт

Күйөө-Таш айылында катуу жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттон сел жүрүп, эки турак үй менен тогуз үйдүн короосун суу каптаган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сел каптоодон жабыркаган 11 турак жайды тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Ага ылайык, кечээ 18:30дар чамасында Кызыл-Жар айыл аймагынын Күйөө-Таш айылында катуу жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттон сел жүрүп, эки турак үй менен тогуз үйдүн короосун суу каптаган. Жабыркагандар болгон эмес.
Жерине тактоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн атайын комиссия тартылган.
Учурда турак жайлар тазаланып, ички чарбалык жол калыбына келтирилип жатат. Ага эки офицер, үч куткаруучу, 20 тургун, бир экскаватор жана бир автожүктөгүч тартылган.