НЛО дегенге ишенесизби? "Көргөндөр" тарткан 15 сүрөт

Sputnik

2-июлда бүткүл дүйнөлүк НЛО күнү белгиленип келет. Өткөн кылымдын 40-жылдарынан баштап коомдо белгисиз учуучу объектилерге кызыгуу пайда боло баштаган. "Учуучу тарелкалардын" сүрөт, видео жана билдирүүлөрүнөн улам ЖМКда бул жасалма же табигый кубулуш эмес, планетадан тыш аймактан келгендер жана алардын учуучу аппараттары деген пикирлер айтылып келет.

Азырынча НЛО боюнча илимий түшүндүрмө жок. Эксперттердин айтымында, НЛО боюнча далилдердин басымдуу бөлүгү туура эмес чечмеленген табигый кубулуштар же техникалык каражаттардын издери. Ал эми АКШнын чалгындоо кызматы отчётунда так бир жыйынтыкка келген эмес.

1 / 15
Бул учуучу объектинин сүрөтү Швейцарияда тартылган
2 / 15
НЛО техногендик же табигый кубулуш эмес, планетадан тыш аймактан келгендер жана алардын учуучу аппараттары деген пикирлер айтылып келет. Сүрөттө Штутгарт (Германия) аэропортунун үстүндөгү НЛО
3 / 15
Кадр 1956-жылы 24-июлда Калифорниянын Сан-Бернардино шаарында 15 жаштагы Майкл Саваж тарабынан тартылган. Анын айтымында, объект 30 секунданын ичинде эле көздөн кайым болгон
4 / 15
АКШнын аскер-деңиз флотунун учкучтары тарткан видеону Коргоо министрлиги былтыр скриншот кылган
5 / 15
1999-жылы 12-декабрда Тайвандын тургуну Ли Чун-Хун тартып алган сейрек сүрөт
6 / 15
Эксперттердин айтымында, НЛО боюнча далилдердин басымдуу бөлүгү туура эмес чечмеленген табигый кубулуштар же техникалык каражаттардын издери. Сүрөттө: Кипрдеги Протарас шаарынын үстүндөгү адаттан тыш булут
7 / 15
1965-жылы 3-августта Калифорниянын Санта-Ана шаарына жакын жерде тартылган деп болжолдонгон НЛОнун сүрөтү
8 / 15
Азырынча НЛО боюнча илимий түшүнүк жок. Сүрөт Японияда 2020-жылдын 17-июнунда тартылган
9 / 15
1954-жылы Австриянын Рейхенштайн тоосунан түшүп келе жаткан фотограф Эрих Кайзер учуп жүргөн объектилерди тартып алган
10 / 15
Айрымдар таанылбаган учуучу аппараттарды тамашалап жасап коюшат. Сүрөттө Меерсбург шаарында колго жасалган НЛО
11 / 15
Тоодо асманга көтөрүлүп жаткан объектинин сүрөтү. Муну 1967-жылы 12-мартта Нью-Мексико мамлекеттик университетинин студенти тартып алган
12 / 15
АКШнын Орегон штаты. Асмандагы белгисиз аппараттын учуп баратканы тартылып калган
13 / 15
Нью-Жерсиде жүргөн НЛО (жасалма далилденген). 1952-жыл, ЦРУнун архиви
14 / 15
1990-жылы Бельгияда тартылган үч бурчтуу НЛО
15 / 15
Асманда кат-кат болуп тоголоктошуп калган булуттарды да НЛО деп жаңылып алышат