ММА тарыхындагы эң бай спортчулардын рейтинги жарыяланды

Капчыктуу мушкерлердин тизмесине UFC уюмунун мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов да кирген. Анын кирешеси 40 миллион долларды түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Ирландиялык белгилүү мушкер Конор Макгрегор аралаш мушташ (ММА) тарыхындагы эң бай спортчулардын рейтингинин башын ээледи. Тизмени South China Morning Post басылмасы түзгөн.
Хабибдин ордун ээлеген Оливейранын урматына Бразилияда парад уюштурулду. Видео
Экинчи орунда россиялык Хабиб Нурмагомедов турат. Ал 40 миллион доллардай тапкан. Бирок канчасы UFC беттештеринен, канчасы башка булактардан экени айтылган эмес.
Үчүнчү орунда UFC уюмунун мурдагы чемпиону, канадалык Жорж Сен-Пьер (30 миллион), төртүнчүдө америкалык мушкер жана рестлер Брок Леснар (25 миллион) турат. Бешинчи сапта UFC уюмунун эки салмак боюнча экс-чемпиону Би Жей Пенн жайгашкан. Ал 22 миллион доллар таба алган.