МАИ 85 жыл мурун түзүлгөн. Милициянын кайгуул кызматы ролик даярдады

Бүгүн Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо багытында эмгектенгендердин кесиптик майрамы. Инспекторлорго куттуктоолор айтылып, сыйлыктар тапшырылды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Бүгүн, 3-июлда, Мамлекеттик автоинспекциянын түзүлгөн күнүнүн 85 жылдыгы белгиленип жатат.
Милициянын кайгуул кызматы жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо багытында эмгектенгендерди кесиптик майрамы менен куттуктап, ролик даярдады.
Анда кызматкерлердин коомдук коопсуздукту сактоо, камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү багытында аткарган иштери кеңири баяндалган.
Бишкек ШИИББдин маалымат кызматы билдиргендей, бүгүн кайгуул кызматынын инспекторлоруна мекеменин сыйлыктары тапшырылып, куттуктоо сөздөрү айтылды.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана өздүк курамы да куттуктоо жолдоп, ЖКККБ техникалык базасынын эскилиги, кызматкерлердин санынын жетишсиздигине карабастан өздөрүнө коюлган милдеттерин аткарып келе жатканын белгилеген.
Ошондой эле кызматкерлерге медаль жана мактоо баракчалары берилген.
Ысык-Көл облустук милициясынын жетекчиси Канат Жумагазиев эл инспекторлордун адам өмүрүн сактоодо жолдо күнү-түнү кызмат кылышарын жакшы билерин белгилеген.