"Россия-1" телеканалы Кыргызстан тууралуу берүүсүн тартуулады. Видео

Берүү "По секрету всему свету" деп аталган туристтик программанын алкагында даярдалган.
Sputnik
Ролик аталган программанын YouTube-каналына жарыяланды.
Берүүнү "Кухня" сериалынын жылдыздары Ольга Кузьмина менен Жаңыл Асанбекова алып барган.
Россиялык YouTube-блогер Бишкек менен кыргыздарды сүрөттөп берди. Видео
Кыргызстан — биринчи кезекте тоолуу өлкө. Бул жерде түндүктөгү эң бийик Жеңиш чокусу жайгашкан. Жайында Ысык-Көл дүйнөнүн булуң-бурчунан келген туристтердин сүйүктүү жайына айланат. Дал ушул жер "Азиянын бермети" деп аталат", — деген алып баруучу Ольга Кузьмина.
Берүүнүн жүрүшүндө алар аркан эшип, боз үй тигүүгө, бээ сааганга жардам беришкен.
Россиялык программанын тартуу тобу Кыргызстанга июнь айынын башында келип кеткен. Туризм департаменти телеканалдын өкүлдөрү республиканын туристтик потенциалын эл аралык аренада көрсөтүү үчүн чакырылганын билдирген.
Берүүнүн видеосун "Россия-1дин" YouTube каналынан көрүүгө болот.