Өлкөдө 14 миңден ашык киши COVID-19дан дарыланып жатат. Жаңы статистика

Учурда Кыргызстан боюнча стационарларда 3 864 бейтап жатат. Ал эми амбулатордук дарыланууда 10 318 бейтап бар.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан 665 бейтап айыкты. 1 352 киши жаңыдан жуктуруп, тилекке каршы, сегиз адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Сакайгандар:
Жалпы айыккандар 111 994 болду. Ал эми жуктургандардын саны төмөнкүчө:
Республикалык штаб белгилеген тез арада жасалчу иштердин тизмеси
Тилекке каршы, акыры суткада оорунун айынан 8 киши өмүрү менен кош айтышты. Алардын төртөө Бишкекте, экөө Чүйдө, бирөө Жалал-Абад облусунда жана бирөө Ош шаарында дарыланып жаткан. Пандемия жалпысынан 2 027 кишинин өмүрүн алды.
Учурда стационарларда 3 864 бейтап жатат. Алардын 79унун абалы канааттандырарлык, 2 514ү орто, 1 097си оор жана 174ү өтө оор абалда. Ал эми амбулатордук дарыланууда 10 318 бейтап бар.