Радио

Асаналиев: жол куруу боюнча 12 инвестициялык долбоор ишке ашырылууда

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун координатору Санжар Асаналиев 2021-жылы планга ылайык 84,1 чакырым жол жасаларын айтты.
Sputnik
Бүгүнкү күндө негизги жолдорду куруу боюнча 12 инвестициялык долбоор ишке ашырылып, дагы төрт долбоор даярдалып жатат. Алар өнөктөш донорлордун каражатын тартуу менен жүзөгө ашырылууда. Бул тууралуу Санжар Асаналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, быйыл эки чоң эстакадалык көпүрө бүткөрүлүп, ишке берилет.
"Учурда Бишкекте 3, Ош жана Түндүк — Түштүк альтернативалык жолунун курулушу жүрүп жатат. Бул жолдун курулушу үч фазага бөлүнгөн. Биринчи жана экинчи фазадагы жумуштарды Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы каржылайт. Жалпы баасы 700 миллион долларды түзүп, каражат бөлүнгөн. Курулушту China Road and Bridge Corporation жүргүзүп жатат. Бүгүнкү күндө биринчи фазадагы жумуш 75 пайызга, экинчисинде 85 пайызга аткарылды. Биринчи фаза боюнча 3 800 метрлик тоннель салынып жаткан. Анын 700 метри бүтө элек. Экинчи фазада эки чоң эстакадалык көпүрө курулууда. Быйыл бүткөрүлүп, ишке берилет. Түндүк — Түштүк альтернативалык жолунун курулушунун алкагында Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, аткарылып жаткан дагы эки долбоор бар. Биринчи бөлүктө Балыкчы — Кочкор жолунда иштер аткарылууда. Ал эми экинчиси Эпкин жана Баш-Кууганды участогунда иштеп жаткан подрядчы менен былтыр келишимди үзгөнбүз. Азыр жаңы компания менен келишим түзүп, курулушту жандандыралы деп жатабыз. Ал эми Бишкек — Ош жолунда эки чоң долбоор бар. Алсак, Бишкек — Кара-Балта жолу эки бөлүктөн турат. Автобазардан Кара-Балтага чейинки 45 чакырым жолдун 42си бүттү. Сокулук тараптагы үч чакырым жолдогу иштер жер астындагы коммуникацияга байланыштуу жай жүрүүдө. Андан кийин Киркомстромдон унаа базарга чейин 7,5 чакырым жолду жаңы келишим боюнча China Railway No.5 Engineering Group жасап жатат", — деди Асаналиев.
Адис Азербайжандын компаниясы салып жаткан 67 чакырымдык Маданият — Жалал-Абад унаа жолунун 26 чакырымына асфальт төшөлгөнүн кошумчалады.