Евро-2020: жарым финалга чыккан алгачкы командалар белгилүү болду

Чейрек финалдын жыйынтыгында Испания менен Италия кийинки турга өттү. Алардын коло медаль алууга мүмкүнчүлүгү бар.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Футбол боюнча Европа чемпионатынын жарым финалына чыккан алгачкы командалар аныкталды. Оюндар 2-июлда өттү.
Биринчи чейрек финалдын беттештери Санкт-Петербургда болуп, Испания менен Швейцариянын командалары жолукту. Негизги жана кошумча убакыт 1:1 упай эсебинде аяктап, пенальтиде испаниялыктар 3:1 эсеби менен жеңди.
Евро-2020нын ай чырайлуу күйөрман кыздары. Стадиондон тартылган 15 сүрөт
Андан кийин Мюнхендеги оюнда Италия Бельгияны 2:1 менен утуп, жарым финалга жолдомо алды.
Испания менен Италиянын курама командалары жарым финалга чыгуу менен Европа чемпионатында коло медаль тагынууга мүмкүнчүлүк алышты.
Жарым финал үчүн дагы эки жолдомо бүгүн, 3-июлда, ойнотулат. Анда Чехия менен Дания, Украина менен Англия ойнойт.