Эне жана баланы коргоо борборунда жаңы офтальмология жана ЛОР бөлүмү ачылат

Аянты 2 708 чарчы метр болгон беш кабаттуу медициналык жай заманбап талапка ылайык салынары белгиленет. Корпусу колдонууга кийинки жылы берилмекчи.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда офтальмология жана ЛОР бөлүмүнүн жаңы корпусунун капсуласы салынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
1 / 2
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда офтальмология жана ЛОР бөлүмүнүн жаңы корпусунун капсуласы салынды
2 / 2
Иш-чарага министр Алымкадыр Бейшеналиев, оорукананын жамааты жана "Ас-Сафа" эл аралык кайрымдуулук фондунун төрагасы шейх Мухаммад Аль-Шайя баштаган Кувейттен келген коноктор катышкан.
Иш-чарага министр Алымкадыр Бейшеналиев, оорукананын жамааты жана "Ас-Сафа" эл аралык кайрымдуулук фондунун төрагасы шейх Мухаммад Аль-Шайя баштаган Кувейттен келген коноктор катышкан.
Сабырбек Жумабеков: Катар 9,2 млн. долларлык оорукана куруп бермей болду
Аянты 2 708 чарчы метр болгон беш кабаттуу медициналык жай заманбап талапка ылайык салынат. Корпустун салынышын толугу менен "Ас-Сафа Борбору" коомдук бирикмеси каржылайт. Аны 2022-жылы майда бүтүрүү пландалууда.
2020-жылы "Ас-Сафа Борбору" коомдук бирикмеси тарабынан Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна Консультациялык-диагностикалык блок жана органдарды трансплантациялоочу гематология бөлүмдөрү колдонууга берилгени айтылат. Ошондой эле учурда балдардын онкология бөлүмү үчүн имарат курулуп жатат.