Өлкөнүн ирригациялык фонду чарба аралык (каналдар, гидротехникалык курулмалар, насостук станциялар) жана чарба ичиндеги болуп экиге бөлүнөт. Бул тууралуу Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөнүн ирригациялык системасы эскирген.
"Чарба аралык фонд республикалык бюджеттен каржыланып, суу тармактар тарабынан эксплуатацияланат. Өлкөдө 5 873 чакырым чарба аралык канал, 7 800дөй гидротехникалык курулма, 113 насостук станция, 50 чоң, кичине суткалык, 13 декадалык суу сактагыч бар. Булардын ичинен эң акыркысынын курулганына 40 жылдан ашты. Ошондой эле чарба ичиндеги каналдар, арыктар жана башка курулмалар дагы эскирди. Бул көйгөйлөргө кошумча жамгыр жаабай, табигый процесстерден улам суунун аз келип жатышы жана эң негизгиси кооперациялардын жоктугу да себеп болуп жатат. Анткени мурда бир чоң аянтка бир эле өсүмдүктүн түрү эгилип, ошол аянттын баарына бир учурда суу берилчү. Учурда ал жерлер жеке менчикке берилип, аянттар бир, эки гектарлык болуп бөлүнгөн. Аларга өсүмдүктөрдүн бир нече түрү эгилип, ар кандай убакта суу берилүүдө. Мына ушундай көптөгөн көйгөйлөрдүн жыйындысынан улам учурда сугат суу тартыштыгы жаралууда", — деди Жаныбеков.
Ошондой эле ал чарба ичиндеги каналдар, арыктар Суу пайдалануучулар ассоциациясынын балансында экенин кошумчалады.
Толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр: