Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду ишкерлерди каржылоосун жандантты

Аталган фонд 2014-жылы Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөр аралык келишиминин негизинде түзүлгөн. Баштапкы капитал катары Россия тарап кайтарымсыз негизде 500 миллион доллар салган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду 1-июлдан тарта долбоорлорду кайрадан каржылоосун баштады. Мындай чечим Москва шаарында мекеме төрагасы Артём Новиков менен Фонд кеңешинин башчысы, РФтин финансы министринин орун басары Тимур Максимовдун жолугушуусунда кабыл алынганын КРӨФ маалымат кызматынан билдиришти.
Нарында кыргыз-өзбек бизнес-форуму өттү. Сүрөттөр
Ал эми Тимур Максимов Кыргызстандагы саясий абалдын турукташканын эске алуу менен жаңы долбоорлорду каржылоого убакыт келгенин белгиледи.
Тараптар эл иш менен камсыз болуп, өлкөнүн эл аралык аренадагы позициясы бекемделиши үчүн экономикага салым кошуу зарылдыгын белгилешти.
Аталган фонд 2014-жылы Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөр аралык келишиминин негизинде түзүлгөн. Баштапкы капитал катары Россия тарап кайтарымсыз негизде 500 миллион доллар салган.