Ошто айылдашын сабап өлтүрдү делген киши кармалды

Шектүүнүн айтымында, 30-июнь күнү саат 23:30да спирт ичимдигин ичип айылдашынын унаасы менен ДЭУ участкасындагы дүкөндүн жанына келген. Ошол жерден экөө айтыша кетип, аны урганда жыгылып калган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Ошто 55 жаштагы кишини өлтүрүүгө шектелип 31 жаштагы Ф.И. кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Абсатар Тавакалов билдирди.
Ошто 55 жаштагы кишини өлтүрүүгө шектелип 31 жаштагы Ф.И. кармалды
1-июль күнү саат 01:00дө Ош шаардык Тез жардам кызматы милицияга С.У. аттуу киши калаанын ДЭУ участкасынан алган жараатынан улам каза болгонун кабарлаган. Милиция жерине барып, маркумдун баш сөөгүндө жаракаты бар экенин аныктаган.
Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жазык кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Кылмыштын изи сууй электе 31 жаштагы Ф.У. кармалды. Анын айтымында, 30-июнь күнү саат 23:30да спирт ичимдигин ичип айылдашынын унаасы менен ДЭУ участкасындагы дүкөндүн жанына келген. Ошол жерден экөө айтыша кетип, аны урганда жыгылып калган. Дүкөндүн сатуучулары дагы муну тастыкташты", — деди Тавакалов.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүү Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.