Нуржан Шайлдабекова кайрадан БШКнын төрайымы болуп тандалды

Шайлдабекова БШКга буга чейин да төрайым болчу. Аталган кызматты ал беш жылдан бери башкарып, бир нече шайлоону өткөргөнү маалым.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Нуржан Шайлдабекова кайрадан Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы болуп тандалды. Бул тууралуу БШКнын жыйынында маалым болду.
Ушул жумада БШКнын жаңы курамы түзүлгөн. Көпчүлүк добуш менен Шайлдабекова төрайым болуп, ага комиссиянын 11 мүчөсү “макул”, бирөө "каршы" деген добуш берген.
Шайлдабекова БШКга буга чейин да төрайым болчу. Аталган кызматты ал беш жылдан бери башкарып, бир нече шайлоону өткөргөн.
БШК Бишкек, Ош, Токмок шаарларына шайлоо бюллетендерин жиберди
БШКнын жетекчилигине президент беш, Жогорку Кеңеш беш талапкерди көрсөткөн.
Президенттик квота менен сунушталган талапкерлер: Нуржан Шайлдабекова, Марс Наспеков, Анар Дубанбаева, Нурлан Койчукеев, Акбалык Жумалиева, Айдана Жупуева.
Ал эми Жогорку Кеңеш сунуштаган талапкерлер: Узарбек Жылкыбаев (КСДП), Акылбек Эшимов (“Кыргызстан”), Кайрат Маматов ("Республика — Ата-Журт"), Тынчтык Шайназаров ("Өнүгүү-Прогресс"), Абдыжапар Бекматов ("Бир бол"), Искендер Гайпкулов ("Ата Мекен").