Ноокатта Instagram менен экстремисттик материал тараткан киши кармалды. Сүрөт

Шектүүдөн табылган материалдарга экспертиза жүргүзүлгөн. Натыйжада "Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" беренеси менен иш козголду.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Ноокат районунда тыюу салынган экстремисттик уюмдун материалдарын таратып жүргөн 26 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады. 
26 жаштагы шектүү
Ага ылайык, кармалган Р. уулу Х. өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу өлкө аймагында тыюу салынган диний экстремисттик уюмдун видео жана аудио жазууларын сактап, таркатып жүргөн. Бул материалдарга атайын экспертиза жүргүзүлгөн.
Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 315-беренеси ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") менен иш козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.