Кыргызстанда эмгек мигранттары үчүн сайт ачылды

Бул сайт аркылуу мигранттар же чет өлкөдө иштөөнү каалаган кыргызстандыктар коопсуздук жана бош жумуш орундары боюнча маалымат алат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Кыргызстанда эмгек мигранттары үчүн www.migrant.kg сайты ишки киргизилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Сайттан төмөнкү кызматтарды пайдаланууга болот:
Россиянын Федералдык миграциялык кызматынын "кара тизмесинен" өзүңүздүн бар же жок экениңизди текшере аласыз;
Москвада мигранттар вакцина алууда. Эмдөөнүн жүрүшүнөн репортаж
ТИМдин 1899 байланыш телефону аркылуу иштеген операторлору менен байланышып, коопсуз миграция тууралуу консультация алса болот. Ошол эле учурда адам сатуу сыяктуу кооптуу кырдаалга туш болгондор жардам ала алат. Операторлор WhatsApp, Telegram жана башка мессенджерлер же телефон аркылуу жооп беришет;
коопсуз миграция, анын ичинде иш менен камсыздоо агенттиктеринин маалыматтарын алуу мүмкүнчүлүгү бар;
чет жерде каза болуп калган кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн бир жолку төлөм боюнча суроолорго жооп алууга болот.