COVID 10 бейтаптын өмүрүн алды, 1 485 киши оору илештирди. Акыркы маалымат

Көз жумгандардын алтоо Бишкекте катталды. Вирус аныкталган аймактардын сап башында да борбор калаа турат, тагыраагы, сутка ичинде 923 киши жуктурган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Өлкөдө акыркы суткада коронавирус инфекциясынан 571 бейтап айыкты. Ал эми илдетти 1 485 киши жуктуруп, 10 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Ооруну жеңгендер:
Жалпы жонунан 111 269 бейтап сакайды.
Жуктургандар:
Пандемиядан бери оору 127 880 кишиден аныкталды. Анын 80 миңден ашыгы лабораториялык жактан, калган 50 миңдейи клиникалык-эпидемиологиялык белгилери менен аныкталган.
"Спутник V" баарына сайылууда. Бишкектеги эмдөө жайларынын дареги
Өткөн суткада 10 киши ооруну жеңе албай калды. Алардын алтоо Бишкекте, экөө Баткенде, бирөө Таласта, дагы бирөө Жалал-Абадда катталды. Пандемиядан бери 2019 киши каза тапты.
Ошондой эле учурда республиканын ооруканаларында 3 691 бейтап жатат. Анын ичинен 332 кишинин абалы канааттандырарлык, 2253ү орто, 948и оор жана 158и өтө оор абалда. Мындан сырткары, 9 815 киши амбулатордук түрдө дарыланууда.