Каржылоо азайып тил саясаты ишке ашпай жатат. Мусаев президент менен жолукту

Өлкө башчысы тил саясатын өркүндөтүү боюнча конкреттүү чараларды көрүү зарылдыгына токтолуп, мамлекеттин ички саясатынын негизги багыттарынын бири мамлекеттик тилди колдоо экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. 
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев
Мусаев президентке каржылоо азайып, борборлоштурулган координациялык, көзөмөл менен пландуу иштин жоктугунан улам мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруу кыйындаганын айткан.
"Мамлекеттик тилди санарипке өткөрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу зарыл. Бул долбоордун алгачкы этабында текстти үнгө айлантуучу, экинчи этабында кыргыз тилинде үн менен берилген текстти санарип текстке айландыруучу программалык аппарат иштелип чыгат", — деди Мусаев.
"Мыкты мугалим" Шамырзаев: сынакта батир утпай калсам мигрант болуп кетмекмин
Ал эми мамлекет башчы тил саясатын өркүндөтүү боюнча конкреттүү чараларды көрүү зарылдыгына токтолуп, мамлекеттин ички саясатынын негизги багыттарынын бири мамлекеттик тилди колдоо, сактоо жана өнүктүрүү экендигин баса белгилеген.
Президент ошондой эле администрацияда, министрлер кабинетинде, Жогорку Кеңеште жана бардык мамлекеттик органдарда иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүн текшерүү жана анын жыйынтыгын коомчулукка билдирүү боюнча Улуттук комиссиянын ишин күчөтүү зарылдыгын кошумчалаган.