Коронавируска каршы вакцинаны акыркы суткада 3,5 миңден ашуун киши сайдырды

Вакцинаны эң көп Бишкектин жашоочулары алган. Шаарда кырдаал курчуганына байланыштуу "Спутник V" каалоочулардын баарына сайыла баштады.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Акыркы суткада республика боюнча 3 583 киши коронавирустан коргогон вакцинаны алды. Анын ичинде 1 126 адам эмдөөнүн экинчи этабынан өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Ал эми жалпы жонунан 118 239 адам вакцина сайдырып, анын 80 107и экинчи дозасын алды.
Статистиканы карай турган болсок, коронавирустан коргогон вакцинаны эң көп Бишкек шаары менен Чүй облусунун тургундары алган. Борбор калаада 36 944, облуста 21 381 адам эмдөөдөн өткөн.
Эске сала кетсек, кыргызстандыктарга Россиянын "Спутник V" жана Кытайдын Sinopharm вакциналары сайылууда. Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал курчуганына байланыштуу "Спутник V" вакцинасы мурдагыдай айрым бир топко гана эмес каалоочулардын баарына сайыла баштады.