Яхта айдоочусу Мартин Эванс The Sun басылмасына айтып бергенине караганда, косаткалардын тобу аларга жээктен 40 чакырым алыс бараткан учурда кол салган. Маалыматка караганда, жаныбарлар рулга чабуул жасап, техниканы башка жакка бурууга аракет кылышкан.
"Алар аябай кыжырланып жаткандай, оюнда бир планы бардай элес калтырды", — деди Эванс.
Интернетке жүктөлгөн видеодо көрүнүп тургандай, суу жандыктары яхтага жакындап, бир метр аралыкка чейин келген. Андыктан кайыктын ичиндегилер парустарды түшүрүп, электр жабдууларын өчүрүүгө аргасыз болушкан. Ошондон кийин дагы косаткалар эки сааттай аларды айланчыктап, яхтаны сүзгүлөшкөн. Видеонун аягында кайыктын кээ бир жерлеринин сынып калганын көрүүгө болот.