"Кант" авиабазасында барымтадагыларды бошотуу боюнча окуу өттү. Сүрөт

Окутууга 50гө чукул аскер жана 10дой атайын техника тартылган. Алар "террорчулар" басып алган имаратты курчап, адамдарды эвакуациялашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. "Кант" авиабазасынын аскерлери терроризмге каршы окутуулардын жүрүшүндө "барымтадагыларды бошотту". Бул тууралуу базанын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 5
"Кант" авиабазасынын аскерлери терроризмге каршы окутуулардын жүрүшүндө "барымтадагыларды бошотту"
2 / 5
Сценарий боюнча диверсиялык топтор аскердик базанын аймагына кирип, ичинде адамдар бар административдик имараттын бирин басып алышкан
3 / 5
Терроризмге каршы топ БТР-82АМ үлгүсүндөгү техника менен "террорчулар" басып алган имаратка барышкан
4 / 5
Аскерлер ал жакты курчап, инженердик, радиациялык, химиялык жана биологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүшкөн
5 / 5
Андан соң адамдарды эвакуациялап, куралчан адамдарды колго түшүрүшкөнү айтылды.
Сценарий боюнча диверсиялык топтор аскердик базанын аймагына кирип, ичинде адамдар бар административдик имараттын бирин басып алышкан. Терроризмге каршы топ БТР-82АМ үлгүсүндөгү техника менен "террорчулар" басып алган имаратка барышкан.
"Кант" авиабазасынын аскерлери балдарга өрт коопсуздугун үйрөттү. Сүрөт
Аскерлер ал жакты курчап, инженердик, радиациялык, химиялык жана биологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүшкөн. Андан соң адамдарды эвакуациялап, куралчан адамдарды колго түшүрүшкөнү айтылды.
Окутууга 50гө чукул аскер жана 10дой атайын техника тартылган.
Канттагы биргелешкен аскердик база — Тез аракетке келүүчү жамааттык күчтөрдүн бир бөлүгү. Ал ЖККУ мамлекеттеринин коопсуздугун абадан коргоп, камсыздап турат. Базада штурм жасоочу Су-25 учактары менен Ми-8 тик учактары бар.