Камчыбек Ташиев эмгек өргүүгө чыгып, чет өлкөгө учуп кетти

2020-жылдын ноябрь айында Камчыбек Ташиев ден соолугуна байланыштуу ооруканага түшкөн. Ал эми 2021-жылдын февралында Германияда жүрөгүнө операция жасалган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыска убакытка эмгек өргүүгө чыгып, чет өлкөгө учуп кетти. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Ташиев жана Ятимовдун чек ара боюнча макулдашкан протоколу жарыяланды
УКМКнын маалымат кызматы ведомствонун жетекчиси кайсы өлкөгө кеткенин тактаган жок.
Эске салсак, 2020-жылдын ноябрь айында Камчыбек Ташиев ден соолугуна байланыштуу ооруканага түшкөн. Ал эми 2021-жылдын февраль айында Германияда жүрөгүнө операция жасалган.