Тынчтык Шайназаров менен Нурлан Койчукеев БШК төрайымынын орун басарлары болду

БШКнын төрайымынын орун басарлыгына Тынчтык Шайназаров, Акбалык Жумалиева, Нурлан Койчукеев жана Марс Наспеков болуп төрт талапкер сунушталган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы түзүмү 2-июлдагы жыйында төрайымдын орун басарларын тандады.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү алмашты. Жаңы курамдын тизмеси
Белгилей кетсек, БШКны кайрадан Нуржан Шайлдабекова башкара турган болду. Анын талапкерлиги БШКны беш жыл жетектеп, бир топ шайлоолорду өткөргөнү үчүн жактырылган.