БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Бишкекте коронавирус боюнча санитардык талаптарды аткарбаган бир нече кафе, ресторан, дүкөн, соода жайлар айып пулга жыгылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, ордо калаада эпидемиялык кырдаалдан улам күчөтүлгөн тартипте текшерүү рейддери жүрүүдө.
"Санитардык-экологиялык инспекциянын командасы күндүз бардык супермаркет, гипермаркет, соода борборлорун, кечинде кафе-ресторандарды текшерип жатат. Жыйынтыгында "Арпа", "Кавказский дворик", "Вкус востока", "Арсан", "Империя пиццы", Beef burgers жана "Асман", "Насип" ресторандарына 3 000 сомдон айып салынды", — деп айтылат маалыматта.
Санитардык-эпидемиологиялык талаптарды дагы бир нече соода борбор жана супермаркеттер бузуп, "Народный" дүкөнү менен "Партнер Кей Джи" компаниясынын экиден филиалдары 13 миң сомдон айып пулга жыгылганы кошумчаланды.