АКШ Борбор Азиянын үч өлкөсүнөн 9000 афганга баш калкалоо берүүнү суранууда

Маалыматка караганда, Вашингтон өз жардамчыларын Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттерине жайгаштырууну көздөп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы куралдуу күчтөрүн Афганистандан чыгарып жатканына байланыштуу бул өлкөнүн америкалыктарга жардам берген тогуз миңдей жаранына баш калкалоо берүүнү Борбор Азия өлкөлөрүнөн суранып жатат. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, Вашингтон өз жардамчыларын Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттерине жайгаштырууну көздөп жатат. Афганистан жарандары башка өлкөлөрдө АКШ аскерлери чыгып кеткенге чейин, тагыраагы, 11-сентябрга чейин туруп турушу керек.
Талибдер Афганистандын түндүгүн "тегиздеп", Борбор Азияга "чок таштаганы" турабы?
Буга чейин New York Times АКШнын Ак үйдөгү ишенимдүү маалымат булагына таянып Америка өз жоокерлерин Афганистандан алып чыгып кеткенге чейин алар менен кызматташкан жергиликтүү жарандарды башка өлкөгө чыгарып турарын жазган. Мунун негизги себеби — АКШлыктар менен кызматташкан жергиликтүүлөрдү талибандардан коргоо экени айтылган.
Ошол эле учурда кийин бул адамдарга АКШ визасы берилет деген кепилдик жок экенин жазгандар бар.
Эске салсак, АКШ Афганистандан аскерлерин быйылкы жылдын 11-сентябрына чейин чыгарып кетет.
"Талибан" — бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм