Украинада 10 жаштагы кыз карылыктан көз жумду

Кыз сейрек кездешкен, айыккыс прогерия дартынан жабыркап келген. Мында тери жана ички органдар өзгөрүп, организм тез картайып кетет.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Украинанын Винницкий облусунун 10 жаштагы тургуну карылыктан каза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ага ылайык, кызынын өлүмү тууралуу энеси Facebook баракчасы аркылуу билдирген.
"Ирочкам көз жумду. Кечээ анын жүрөгү токтоп калды. Бул ирет сени сактап кала албаганым үчүн кечир", — деп жазган ал.
Индияда балдардын коронавирустан кийинки оорусу жаралды
Маалым болгондой, прогерия дарты менен жабыркагандар бир жыл ичинде 10 жылга картайып кетет. Аталган дартка балдар чалдыкканда орточо 13 жыл гана жашай алышат.
Медиктер каза болгон Иринага 5 жашында диагноз коюшканы белгилүү болду.