БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Жалал-Абаддагы тойканалар бүгүндөн тарта белгисиз мөөнөткө ишмердүүлүгүн токтотту. Мындай чечим Жалал-Абад шаардык ыкчам штабдын жыйынында кабыл алынганын облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, тойканалардын иши токтогону менен коомдук тамактануучу жайлар орундуктарын 50 пайызга кыскартуу менен таңкы саат 8:00дөн кечки саат 22:00гө чейин иштейт.
"Бүгүн, 1-июлда, Жалал-Абад ОИИБдин имаратында эпидемиологиялык чектөөлөргө байланыштуу кызматкерлер бир нече багытка бөлүнүштү. Алар эл көп топтолгон жайларды, ири соода борборлорду, базарларды, парктарды, коомдук тамактануучу жайларды текшерип, санитардык нормалардын сакталышын көзөмөлдөшөт", — дешти милициядан.
Ал эми түнкүсүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте кафе-ресторандарга, тойканаларга, түнкү оюн-зоок клубдарына рейддер уюштурулмакчы.