Ысык-Көлдүн аэропорту Жалал-Абаддан келген учакты тосуп алды

Жалал-Абаддан Ысык-Көлгө бүгүн, 1-июлда, 91 адам келсе, Тамчы — Жалал-Абад багыты менен 11 адам учуп кетти.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. "Ысык-Көл" аэропорту сегиз жылдан бери биринчи ирет Жалал-Абаддан келген учакты тосуп алды.
"Тез жет" авиакомпаниясы RG 85 учагы менен 91 жүргүнчүнү Тамчыга жеткирген. Алардын 13ү балдар. Ал эми Тамчы — Жалал-Абад багыты менен 11 адам учуп кетти.
1 / 4
"Ысык-Көл" аэропорту сегиз жылдан бери биринчи ирет Жалал-Абаддан келген учакты тосуп алды.
2 / 4
"Тез жет" авиакомпаниясы RG 85 учагы менен 91 жүргүнчүнү Тамчыга жеткирген.
3 / 4
Алардын 13ү балдар.
4 / 4
Ал эми Тамчы — Жалал-Абад багыты менен 11 адам учуп кетти.
"Жүргүнчүлөр рейстин ыңгайлуулугуна баа беришти. Авиакомпания жумасына эки ирет, дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү рейс каттатууну пландап жатат", — деп айтылат маалыматта.
"Манас" эл аралык аэропорту билет баасын көзөмөлдөбөй турганы белгиленди.