Ысык-Атада сарайдан сөөгү табылган адамдын өлүмүнө бир тууган эжеси шектелүүдө

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Чүйдүн Ысык-Ата районунда 36 жаштагы эркек кишинин сөөгү сарайдан табылып, анын өлүмүнө бир тууган эжеси шектелип жатат. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Кыргызстандагы эң криминалдашкан аймактар. Жаңыланган рейтинг
Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
"Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөөнүн натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип маркумдун 39 жаштагы бир тууган эжеси А.Т. кармалган. Териштирүү учурунда каза болгон жаран 29-июнь күнү абактан бошотулуп, жакындары менен түлөө өткөрүшкөн. Эртеси күнү бир туугандар ортосунда пикир келишпестик жаралып, эжеси аны жип менен муунтуп салганы аныкталды", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.