ӨКМ 30 жылда биринчи ирет көп сандагы техникага ээ болду. Видео

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата оор инженердик техника тапшырылды.
Sputnik
Алар Азия өнүктүрүү банкынын "Суу ресурстарын жаратылыштын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу" долбоорунун алкагында алынган.
Салтанаттуу иш-чарага өлкө жетекчилиги, ӨКМдин өздүк курамы, ардагерлер жана Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директорунун орун басары Стивен Льюис-Воркман баштаган бир катар эл аралык өнөктөштөр катышты.
ӨКМ төмөндөгүдөй техникага ээ болду:
40 тонналык жүк көтөрүүгө жарамдуу 8 трал менен трактор;
2 жүргүнчү ташуучу кичи автобус жана 2 жүргүнчү ташуучу жеңил унаа.
"ӨКМ алгачкы жолу мындай көп сандагы оор инженердик техника менен камсыздалды. Бул техника ӨКМдин материалдык-техникалык базасын жаңы тепкичке көтөрүүгө, иштин сапатын жана эффективдүүлүгүн жакшыртууга чоң салым кошот. Техникалар өлкө аймагындагы ӨКМдин башкармалыктарына таратылып, өзгөчө кырдаалдардын, табигый жана техногендик кырсыктардын алдын алууга колдонулат", — деп айтылат маалыматта.
Аталган техниканы Азия өнүктүрүү банкы гранттык негизде алып берген.