Конкурс Москвадагы Et Cetera театрында өттү. Ага 18ден 32 жашка чейинки 34 кыз катышты. Бийкечтердин бир гана сулуулугу эмес, таланты, харизмасы жана интеллекти да бааланды.
Баш байгени Аля Салямова утуп, “Москва сулуусу — 2021" наамына ээ болду. Эми ал салтка айлангандай эле “Россия сулуусу” фестивалына борбор калаанын атынан катышат. Биринчи орунду Алёна Пантелеева, экинчини Ирина Пенягина, үчүнчүнү Ангелина Хохлова ээледи.