БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Мамлекеттик кызматкерлердин санын 30 пайызга кыскартуу менен эки миллиард сом үнөмдөөгө болот. Бул каражат калган кызматкерлердин айлыгын көтөрүүгө жумшалат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Анда президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев өлкө башчынын "Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө" жарлыгы боюнча түшүндүрмө бергени айтылды.
"Мамлекеттик кызматкерлердин санын 30 пайызга чейин кыскартуу милдети турат. Статистикалык көрсөткүчтөргө ылайык, акыркы 25 жыл аралыгында мамлекеттик кызматкерлердин саны көбөйүп келген. 1995-жылы 26 152 мамлекеттик кызматкер болсо, 2010-жылы алардын саны 30 743кө, 2020-жылы 34 860ка чейин жеткен. Ушуга байланыштуу мамлекеттик кызматкерлердин эмгек айлыгын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес", — деди Касымалиев.
Ал аталган жарлыкка ылайык, үнөмдөлгөн каражат мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын көбөйтүүгө жумшаларын кошумчалаган.
"Эгерде мамлекеттик кызматкерлер 30 пайызга же 10-11 миңге чейин кыскартыла турган болсо, мамлекет эки миллиард сомдон ашык акча каражатын үнөмдөйт. Бирок бул үнөмдөө келерки жылда гана ишке ашырылат. Анткени, Эмгек кодексине ылайык, үстүбүздөгү жылы кыскартылган кызматкерлерге үч айлык эмгек акысын жөлөк пул катары төлөп беришибиз керек", — деди Касымалиев.
Учурда Экономика жана финансы министрлиги жарлыкты комплекстүү ишке ашыруу боюнча ишин баштаганы жана ведомстволор аралык комиссия түзүлүп жатканы айтылды. Аталган комиссия ар бир министрлик, ведомстволорду карап чыгып, дагы бир жолу анализдеп, андан кийин конкреттүү түрдө сунуштарды берет.
Жарлыкты жүзөгө ашыруу боюнча бардык иштерди министрлер кабинети алып барат.
Касымалиев ошондой эле президенттин администрациясында кыркартуулар болгонун, учурда анализ жүрүп жатканын, кыскартуу боюнча иштер улантыларын кошумчалады.