Радио

Мадалбеков: майнинг фермалар электр энергиянын тартыштыгын күчөтөт

"Түндүк электр" ААКсынын электр энергияны сатуу бөлүмүнүн башчысы Алмаз Мадалбеков электр кубатын пайдалануу жыл сайын өсүп жатканын белгиледи.
Sputnik
Учурда 206 миң 813 акылдуу эсептегич иштеп жатат. Бул тууралуу Алмаз Мадалбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, натыйжада электр энергияны автоматтык түрдө өчүрүп, кайра иштетүүгө мүмкүндүк жаралды.
"Калктын саны өсүп жатат. Демек, электр энергияны колдонуучулар көбөйүүдө. Мындан тышкары, электр кубатын талап кылган тиричилик буюмдары да арбып барат. Натыйжада электр энергиясына талап жогорулап, бирок аны иштеп чыккан жаңы булактар дээрлик жок болууда. Соңку убакта уурдап пайдалануу 2-3 эсе азайды. Буга азыркы күндө орнотулган 206 миң 813 акылдуу эсептегичтин көмөгү көп. Ал электр энергиясын так эсептейт. Деги эле алардын пайдалуу жактары арбын. Мисалы, мурда карызын төлөбөгөн жарандардын жарыгын өчүрүү үчүн карагайдан кыркылып, кайра уланчу. Азыр мунун баары автоматтык түрдө жүргүзүлүүдө. Акылдуу эсептегичтер акысыз орнотулган. Бирок соңку учурда майнинг ферма иштеткендерди аныктоо аракеттери көрүлүүдө. Анткени алар электр энергияны көп өлчөмдө иштеткендиктен мыйзамсыз аракеттерге барышууда", — деди Мадалбеков.
Ал майнинг фермаларынын мыйзамсыз аракеттери электр кубатынын кризисин жаратышы ыктымалдыгын кошумчалады.