Кыргызстанда он миңдеген гектар жерди каптаган чегиртке жок кылынды. Сүрөт

Июнь айынын аягына чейин республикада 38 миң гектар жер изилденип, анын ичинде 28,4 гектарында чегиртке бар экени аныкталды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратып жаткан зыянкеч чегирткелерге каршы күрөш жүрүүдө. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Иш-чараны жыл сайын ведомствонун алдындагы Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаменти өткөрүп келет.
1 / 3
Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратып жаткан зыянкеч чегирткелерге каршы күрөш жүрүүдө.
2 / 3
Иш-чараны жыл сайын ведомствонун алдындагы Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаменти өткөрүп келет.
3 / 3
Министрликтен маалымдашкандай, Кыргызстанга чегирткелер менен күрөшүүгө БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (FAO) колдоо көрсөтүп келет.
"Быйыл 70 миң гектарга жакын аянтты чегиртке капташы мүмкүн деп божомолдонуп жаткан. Мындай болсо өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаралышы ыктымал", — деп айтылат билдирүүдө.
Дыйкандар суунун тартыштыгын күзүндө чечсе болот. Министрдин сунушу
Министрликтен маалымдашкандай, Кыргызстанга чегирткелер менен күрөшүүгө БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (FAO) колдоо көрсөтүп келет.
"Аталган уюм чегирткелер жөнүндө маалыматтарды чогултууну жана талдоону санариптештирүү үчүн планшеттерди сатып алууга жардам көрсөткөн. Эми бул планшеттер жалпы онлайн ASDC тутумуна туташтырылды. Системада Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрү тууралуу маалымат болгондуктан, адистер коңшу өлкөлөр жөнүндө дагы билип турушат", — деп айтылат билдирүүдө.
Июнь айынын аягына чейин республикада 38 миң гектар жер изилденип, анын ичинде 28,4 гектарында чегиртке бар экени аныкталды. Алар:
Бүгүнкү күндө жалпысынан 27,8 миң гектар жер дарыланды.