Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын жабылуу аземи күздө өтөт

Жабылыш аземине мамлекет башчылар, Россиянын алдыңкы чыгармачыл жамааты жана көрүнүктүү искусство өкүлдөрү катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Россия президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен эки өлкөнүн эриш-аркак жылынын алкагындагы иш-чараларды жүзөгө ашырууну талкуулады. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Россия президенттинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен эки өлкөнүн эриш-аркак жылынын алкагындагы иш-чараларды жүзөгө ашырууну талкуулады
Анда эриш-аркак жылынын салтанаттуу жабылышын ушул жылдын күз айларында мамлекет башчылардын, Россиянын алдыңкы чыгармачыл жамаатынын, көрүнүктүү искусство өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүү тууралуу кеп болгон. 
“Россиянын Кыргызстандагы маданий күндөрүн августка, ал эми Кыргызстандын Россиядагы кино күндөрүн күздө өткөрүү алдын ала макулдашылды. Ошондой эле тараптар маданият ишмери Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгын биргелешип өткөрө турган болду”, — деп айтылат маалыматта.  
Мындан сырткары, Иманалиев жана элчиликтин кеңешчиси Алмаз Букалаев Щепкин атындагы жогорку театр мектебинин (институтунун) ректору Борис Любимов менен жолугушкан. Анын жүрүшүндө театралдык искусство үчүн 25 адисти даярдоо жана студенттерге билим алуу, жашоо үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшүү жөнүндө келишим түзүлдү.