БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан 616 бейтап айыкты, 1 392 киши жаңыдан жуктуруп, тилекке каршы, тогуз адам көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Сакайгандар:
Жалпы айыккандар 110 698 болду. Ал эми жуктургандардын саны төмөнкүчө:
Ушуну менен жуктургандардын саны 126 395ке жетти.
Тилекке каршы, акыры суткада оорунун айынан 9 киши өмүрү менен кош айтышты. Алардын бешөө Бишкекте, экөө Баткенде, бирөө Чүйдө, дагы бирөө Жалал-Абадда дарыланып жаткан. Пандемия жалпысынан 2009 кишинин өмүрүн алды.
Учурда стационарларда 3 553 бейтап жатат. Алардын 25инин абалы канааттандырарлык, 2337си орто, 1003ү оор жана 188и өтө оор абалда. Ал эми амбулатордук дарыланууда 9 055 бейтап бар.