БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Казакстанда "Калктын саламаттыгы" кодекси күчүнө кирип, дүкөндөрдөн чылым акырындык менен "жоголо" баштады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Документ бир гана классикалык чылымга эмес, кальян, электрондук тамеки сыяктуу продукцияларга дагы тыюу салат. Тагыраагы, эми сатуучулар чылымды мурдагыдай ачык коюп сата албайт, болгону тизмесин кагазга жазып койсо болот.
"Айрым учурда киши товарды көрө калып, кызыгып сатып алат. Мындан тышкары, чылымды таштайын деп жаткандардын көз алдында жайнаган тамеки турбашы керек", — деп айтылат макалада.
Ошондой эле бул мыйзамга ылайык, коңшу өлкөдө бүгүндөн тарта тамеки кымбаттап, эң арзаны 520 теңгеден (100 сомдон бир аз жогору — ред.) сатылууда. Маалыматка караганда, минималдуу баа жылдын аягына чейин кармалып, андан ары жыл сайын кымбаттап жүрүп отурат.