Футбол: "Дордой" менен "Алай" өлкөнүн Супер кубогу үчүн таймашат

Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт. Эпидемиологиялык абалга байланыштуу беттешке көрүүчүлөр киргизилбейт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бүгүн, 1-июлда, футбол боюнча Кыргызстандын 2021-жылдагы Супер кубогу үчүн "Дордой" (Бишкек) жана "Алай" (Ош) командалары беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунун маалымат кызматы билдирди.
Евро-2020: чейрек финалда ойноочулар аныкталды. Беттештердин расписаниеси
Эскерте кетсек, бишкектик клуб өткөн жылы Кыргызстандын премьер-лигасын жеңип, чемпион болгон. Ал эми оштук команда өлкө кубогу мелдешин уткан

Супер кубоктун тарыхы

Футбол боюнча өлкөнүн Супер кубогу үчүн оюн 2011-жылдан бери өткөрүлүп келет. Кочкор-Ата шаарынын "Нефтчи" клубу байгенин алгачкы жеңүүчүсү болгон.
Супер кубоктун мурдагы жеңүүчүлөрү: