БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет дем алышка карата аба ырайынын божомолун жарыялады.
Ага ылайык, апта аягында көпчүлүк аймактарда күн ачык болот. Ысык-Көлдүн айрым жерлеринде жана Чолпон-Ата, Каракол шаарларында өткүн өтөрү айтылды.
Чүй облусу
3-4-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болору божомолдонду.
Талас
3-июлда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, ал эми жекшемби, 4-июлда, жаан-чачын болбой турганы айтылды.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
3-4-июлда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Өрөөндөрдө күн ачык болот.
Ысык-Көл
Ысык-Көлдө башка облустарга салыштырмалуу апта аягы жаанчыл болушу ыктымал. 3-4-июлда күндүз кээ бир аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Чолпон-Ата, Каракол шаарларында да өткүн өтүшү күтүлүүдө.
Нарын
3-4-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.