БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аралыктан иштөө режимин Эмгек кодексине киргизүүнү демилгеледи.
Аталган мыйзам долбоору өкмөттүн сайтына коомдук талкууга коюлган. Анда азыркы кырдаалга байланыштуу ар кандай категориядагы кызматкерлердин үйдөн иштешин жөнгө салуу зарылдыгы келип чыкканы белгиленет. Ошондой эле учурда өлкөнүн бардык тармагында санариптик трансформация өнүгүп жатканы эске алынган.
"Мыйзамдардын көпчүлүк бөлүгү заманбап тенденцияларга жана процесстерге карата өркүндөтүлүп жатат. Мындан улам аралыктан иштеген жумушчуларды эмгек мыйзамдарына жана максатка ылайык кароо зарыл деп эсептейбиз. Бул мыйзам кабыл алынса кызматкер үйүндө отуруп иштөөгө юридикалык мүмкүнчүлүк пайда болот", — деп жазылган долбоордо.
Мындай шартта иштөө ниетин билдирген адис менен жумуш берүүчүнүн ортосунда эмгек келишими түзүлөт.
"Келишимде кызматкер иш берүүчү тарабынан берилген жабдыктарды, программалык-техникалык каражатты, маалымат коргоо каражаттарын пайдалануу милдеттери тууралуу кошумча шарттар каралат. Эгер өзүнүн жабдууларын колдонсо, иш берүүчү ага компенсация төлөп берет. Анын өлчөмү жана тартиби макулдашуу боюнча белгиленет", — деп айтылат мыйзам долбоорунун маалыматтык негиздемесинде.
Ошондой эле келишимде кызматкердин аткарган иши жөнүндө отчёт берүүнүн жол-жоболору да бекитилет. Ал эми жумуш убактысы менен эс алуу учуру өзүнчө каралат. "Кандай иштебесин жыйынтык көрсөтсө болду" дегендей норманы да колдонсо болот.